Улуттук статистика комитети Эл жана турак жайды каттоодо жарандарга
бериле турган суроолорду жарыялады. Анда документтердин беш формасы
толтурулат. Ар бирине ылайык, каттала турган адамдардын тизмеси,
жарандын өздүгүн тактоо, турак-жай тууралуу, чет өлкөдө жашап,
иштеген үй-бүлө мүчөлөрү жана жамааттык мекемелерде жашагандар
тууралуу суроолор берилет. Ошондой эле жарандардын маалымат т
ехнологияларын канчалык көп колдоно тургандыгы да бар. Эске салсак,
эл каттоо 23-марттан 1-апрелге чейин өткөрүлөт. Кыргызстандын жашы жеткен
ар бир жараны каттоочулардын суроосуна жооп берүүгө милдеттүү.