Бишкекте №12-бала бакчанын жаңы корпусу пайда болот.
Учурда жалпы аянты 416 чарчы метрди түзгөн 1 кабаттуу мектепке чейинки
даярдоо мекемесинин курулушу башталды. Долбоордун жалпы суммасы
17 миллион сомду түзөт. Каражат шаардык бюджеттен бөлүндү.
Түзүлгөн келишимге ылайык, №12-бала бакчанын жаңы корпусунун
курулушу ушул жылдын аягына чейин жыйынтыкталат.