Экотехинспекция бензиндин сапатын пландан тышкары арыз түшсө гана текшере алат

Экотехинспекция бензиндин сапатын пландан тышкары арыз түшсө гана

текшере алат. Бул тууралуу аталган инспекциянын Метрологиялык көзөмөл

башкармалыгынын башкы инспектору Төрөбай Жукушев билдирди.

Анын айтымында, арыз түшсө, капыстан текшерүү жүргүзүү

Экономика министрлиги менен бирге аткарылат. Былтыркы жылдан

баштап өлкөдө бажы союзунун техникалык регламенти иштейт.

Анда бензиндин кандай талаптарга жооп бериши айтылган.

Эгерде текшерүү учурунда мунай зат коюлган талаптарга жооп бербесе,

аларга айып жана кемчиликти оңдоо боюнча эскертүү берилет.

Эске салсак, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча

мамлекеттик кызматы текшерүү жүргүзүп, Бишкек жана Чүйдүн май куюу

станцияларында бензин жана дизелдик отунду кем куюшканын аныктады.