Мамлекеттик бажы кызматы унаа базарындагы кампада жайгашкан машинелердин ээлерин издеп жатат

Мамлекеттик бажы кызматы унаа базарындагы убактылуу сактоочу кампада жайгашкан

машинелердин ээлерин издеп жатат. Ар кайсы маркадагы 51 унаа жана 5 чиркегич бажылык

каттоодон өтпөй турат. Алардын тизмеси Бажы кызматынын сайтына жарыяланды. Унаа ээлери

тиешелүү документтери менен 14-февралга чейин Түндүк-Чыгыш бажысына кайрылышы зарыл.

Ээлери чыкпаса, сот аркылуу кароосуз калган машина катары таанылып, мамлекетке өткөрүлөт.