Ош облусунун Араван районундагы аз камсыз үй-бүлөлөргө акысыз көмүр таратылды.
Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, аймактагы 280 үй-бүлөгө 250 килограммдан
кара отун берилди. Демилгени чет элдик донорлор каржылады. Белгилеп кетсек, Араван районунда
быйылкы кышкы жылытуу сезонунда үчүнчү ирет акысыз көмүр таратылууда.
Жардамга 1 миңден ашык үй-бүлө ээ болду.