Маршруттук таксилердин айдоочулары линияларга кайта баштады.
Мэриянын басма сөз кызматынан белгилешкендей, айдоочулардын
иш таштоосу аяктады деп айтууга эрте, бирок процесс ишке кирди.
Эске салсак, бишкектик маршуттук таксилердин айдоочулары 2-июндан
бери иш таштоосун улантууда. Алар жол кире акысын көтөрүүнү талап
кылып кылып жатышат. 3 күн бою шаар транспорт боюнча маселени
өзүнүн күчү менен чечти. Муниципалдык автобус жана троллейбустарга
жардам катары линияларга 50гө жакын демөөрчүлөрдүн автобустары чыкты.