Бишкекте №6 шаардык клиникалык оорукананын жаңы имаратынын курулушу уланууда.
Мекеме 3 кабаттуу болот жана анда бардык шарттар каралып, 70 орунга чакталат.
Пландалгандай, курулуш иштери 2022-жылдын аягында жыйынтыкталат. Долбоорду
ишке ашырууга 82 миллион сом багытталат. Сумма Катар кайрымдуулук уюму тарабынан берилет.