Тажикстан менен чек ара тилкелеринин биринде кайгуул жүргүзүү убактылуу жылдырылды

 

Тажикстан менен чек ара тилкелеринин биринде кайгуул жүргүзүү убактылуу жылдырылды. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, кеп Унжу-Булак жергеси тууралуу болуп жатат.

 

Бул жер эл аралык укуктук каттоодон өткөнчө кайтарууга алынбайт. Ведомстводон белгилешкендей, жалпысынан чек арада абал тынч.

 

Ош облусунун Чоң-Алай районунда чек ара бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кадимки режимде иштеп жатат.