Мектеп окуучуларынын кышкы каникулдары 30-декабрда башталат

Мектеп окуучуларынын кышкы каникулдары 30-декабрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин бөлүм башчысы Марат Үсөналиев билдирди. Анын айтымында, кайра окууга балдар 11-январда кайтып келет.

 

Белгилеп кетсек, өлкө аймагында 1 миңден ашык мектепте билим берүү салттуу форматта өтүп жатат.

 

Бирок окуучуларынын саны көп болгон мектептерде окутуу дале аралыктан жүргүзүлүүдө. Аларга Бишкектин билим берүү мекемелери да кирет.