Кыргызстанда бүгүнкү күндө 2 миң 144 мектеп кадимки форматта иштеп жатат

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 2 миң 144 мектеп кадимки форматта иштеп жатат. Ал эми өлкө аймагында жалпысынан 2 миң 227 билим берүү мекемеси бар. Эң көп мектептер Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында ачылды, — деп билдиришти Билим берүү министрлигинен.

 

Ведомстводон эске салышкандай, айрым мектептерде 1-класстан 11-класска чейин бүт окуучулар салттуу форматта окуп жатса, айрымдарында кээ бир класстар гана парталарга кайтты.