Нарын жана Өзгөн райондорунда сел жүрдү

Нарын жана Өзгөн райондорунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-апрелде саат 23:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош облусунун Өзгөн районунун Корсетти айылында сел жүрүп, 1 турак үйдүн короосун жана ички чарбалык унаа жолду каптаган, унаа жол ачык. Бүгүн Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

 

Ошондой эле бүгүн, саат 9:30 чамасында Нарын облусунун Нарын районундагы Куланак айылында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Кур-Жылга коктусунан сел жүрүп, бир турак үйлөрдүн короосун каптаган.

 

Кырдаал көзөмөлдө.