Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын президенти болуп тандалды

Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын президенти болуп тандалды. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда,  3-декабрда, Күрөш федерациянын кезексиз шайлоо конференциясы өтүп, анда уюм мүчөлөрү бир добуштан 2024-жылдын аягына чейин Мелис Турганбаевдин талапкерлигин колдоп, аны президент кылып тандады.

Эске салсак, Мелис Турганбаев 2012-жылдан бери Эркин күрөш боюнча федерациянын вице-президенти болуп келген.

Буга чейин федерацияны жетектеген Шаршенбек Абдыкеримов 24-ноябрда ал бул кызматты тапшырып бергенин жар салган.