Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго автоматтык сугаруу системасы орнотулду

Кыргыз футболдук союзу Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун футболдук талаасын сугарууга автоматтык системаны орнотту. Муну менен газонду улуттук курама команданын жана клубдардын эл аралык оюндарына мыкты даярдоого мүмкүн болот, ФИФА жана АФКнын оюн алдында жана тыныгуу маалында футболдук талааны сугаруу керек деген талабын аткарат.

— Автоматтык сугаруу системасы футбол талаасын оюндар алдында мыкты даярдоого мүмкүн берет, — дейт Кыргыз футболдук союзунун өкүлү Юрий Ерошенко. – Футболчулардын жаракат алуусу төмөндөйт, талаанын сапаты жогору болот. Мурда талааны сугарууга алты сааттан кем эмес убакыт керектелсе, азыркы учурда бир сааттан ашык эле жетет. АФКнын өкүлдөрү келгенде оюн алдында жана тыныгуу маалында талааны сугаргыла деген талабын аткаруу чоң көйгөй эле. Шланг жана насосторду алып чыкканга эле көп убакыт сарпталчу, азыр эми бул керектелбейт. Системанын иштеткенден кийин мындай эми көйгөй жаралбайт.

Бул автоматтык сугаруу системасы иштеген Кыргызстандагы үчүнчү стадион. Кант шаарындагы эки футболдук талаасында автоматтык сугаруу системасы иштеп келет.