Жалал-Абад шаарындагы стадион эл аралык деңгээлде өтүүчү футболго даяр.
Бул тууралуу стадиондун жетекчиси Бакытбек Рахманов билдирди.
Анын айтымында, көрүүчүлөр үчүн атайын чоң экран орнотулду.
5-февралда Кыргызстандын «Нефтчи» клубу менен түркмөнстандык
«Ахал» клубу беттешет. Кошумчаласак, «Курманбек» стадиону 2015-жылы
кайрадан калыбына келтирилген. Бул үчүн шаар бийлиги 35 миллион сом бөлгөн.
Ага 4,5 миң көрүүчү батат. Ошондой эле анда 400 метрлик чуркоо аянтчасы да бар.