Мигранттардын балдары тарбияланып жаткан үй-бүлөлөр текшерилет.
Мындай тапшырманы өкмөт жергиликтүү мамлекеттик администрация жетекчилерине берди.
Рейддин жүрүшүндө балдарга карата катаал мамиле жана зордук-зомбулуктун
алдын алуу боюнча райондук штабдардын иши күчөтүлөт. Ошондой эле өкмөт жарандарды
үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча маалымат бериш үчүн 111 ишеним телефонуна чалып же
укук коргоо органдарына кайрылууга чакырат. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда мигранттардын
балдары тарбияланып жаткан айрым үй-бүлө мүчөлөрүнүн
ичинен аларга мыйзамдан тышкаркы иштер жасалып келет.