Кыргыз – Кытай чек арасы дагы эле жабык бойдон

Кыргыз – Кытай чек арасы дагы эле жабык бойдон.

Бул тууралуу novosti.kg ге Чек ара кызматынан билдиришти.

Эске салсак, “Торугарт” жана “Иркештам” өткөрүү түйүндөрү Кытайдагы

жаңы жыл майрамына карата 24-январда жабылган. Бүгүн адамдарды,

унааларды жана жүктөрдү өткөрүү жанданмак. Бирок аталган түйүн ачылган эмес.

Чек ара кызматы мындай кырдаалдын себебин түшүндүргөн жок жана

ал качан ачыла турган боюнча маалымат кийин берилет, —  дешти мекемеден.