Белоруссиянын “Неман” клубу дагы бир кыргыз футболчусун кароодо

Белоруссиянын “Неман” клубу дагы бир кыргыз футболчусун кароодо.

Ал Кыргызстан жаштар курамасынын жарым коргоочусу Эмир Шыгайбаев.

Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты. Шыгайбаев кышкы сезондо

Кыргызстандын «Илбирс» командасы менен талаага чыккан. «Неман» менен

келишим түзүлсө, кыргызстандык футболчу Белоруссиядагы алгачкы оюнун

жаңы сезон алдындагы таймашта көрсөтө алат. Эске салсак, 2019-жылы

«Неман» клубунда кыргызстандык Гүлжигит Алыкулов ойногон.

Учурда ал Казакстандын «Кайрат» командасынын катарында.