Минсктеги Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында 15 документке кол коюлду

Минск шаарында (Беларусь Республикасы) өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыгы боюнча 15 документе кол коюлду.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Кол коюлган документтердин тизмеси төмөндө:

1.»Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер тарабынан товарлардын айрым түрлөрүн экспорттоону жөнгө салуу боюнча чараларды ишке ашыруунун негизги ыкмалары жөнүндө» буйрук;

2. «Евразия экономикалык биримдигинде алкоголдук продукция рыногун жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча иштин жүрүшү жөнүндө» маселенин алкагындагы тапшырма;

3. «2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге жеке жактарга сатылган товарлардын электрондук соодасынан кыйыр салыктарды алуу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору боюнча иштин жүрүшү жөнүндө» маселе алкагындагы тапшырма;

4. «Евразиялык Өкмөттөр аралык кеңештин 2020-жылдын 10-апрелиндеги № 2 чечиминин 2-пунктуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» чечими;

5. «Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин аймактарында Чыгыш-Батыш жана Түндүк-Түштүк багыттарында, анын ичинде «Бир алкак, бир жол» Кытай демилгеси алкагында транспорттук инфраструктураны түзүү жана өнүктүрүү жөнүндө» маселенин алкагындагы тапшырма;

6. «2021-жылкы Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдеринин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоого мониторинг жүргүзүү боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын жылдык отчету жөнүндө» буйрук;

7. «Евразия экономикалык биримдигинин алкагында артыкчылыктуу жана жогорку технологиялык өнөр жай тармактарында кызматташуу жана импортту алмаштыруу боюнча комиссия жөнүндө» буйрук;

8. «2015-жылдын 16-октябрындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды ташып келүүнүн жана жүгүртүүнүн айрым маселелери жөнүндө протоколдун 3-беренесинин 10-пунктунда каралган товарларды эсепке алуу системасын колдонуу жөнүндө» буйрук;

9. «Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы биргелешкен аракеттеринин программасы жөнүндө» буйрук;

10. «2021-жылга карата Евразиялык экономикалык комиссиянын чек ара рынокторунда атаандаштыктын абалы жана жалпы атаандаштык эрежелери жаатындагы чаралар жөнүндө жылдык очету тууралуу» буйрук;

11. «Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан эл аралык келишимдердин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболор, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин алкагында түзүлүүчү эл аралык келишимдердин долбоорлорун мамлекет ичинде макулдашуунун ички жол-жоболору жана ички мамлекеттик жол-жоболору жөнүндө» маселе алкагындагы тапшырма;

12. «Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын мүчөлүгүнө талапкерди Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кароосуна киргизүү жөнүндө» буйрук (Б. Сагинтаев);

13. «Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын мүчөлүгүнө талапкерди Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кароосуна киргизүү жөнүндө» буйрук (А.Кожошев);

14. «Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерди Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кароосуна киргизүү жөнүндө» буйрук (А.Касымалиев);

15. «Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө» буйрук.