Кыргызстанда жаңы мамлекеттик ишкана түзүлдү

Кыргызстанда газ, мунай жана мунай продуктуларын ташуу боюнча «Кыргызтранснефтегаз» ишканасы түзүлдү.

Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Жаңы түзүлгөн мекеме Энергетика министрлигине караштуу болуп, ага жаратылыш газын жана суюлтулган газды ташуу, сактоо, кайра иштетүү, мунайды, газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган продуктуларды сатуу боюнча улуттук оператордун укуктары берилет.

Анын түзүмүнө Ош жана Баткен, «Сох жаратылыш газын сактоо» филиалдары кирет.