Таалайбек Байгазиев директорлор кеңешинин чечими менен «Электр станциялары» ААКнын башкы директору болуп дайындалды.
Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.
Байгазиев 2021-жылдын июлунан тарта «Улуттук энергетикалык холдинг» ААК башкармалыгынын төрагасы кызматын аркалап келген.
Компаниянын мурдагы башкы директору Эркин Тавашаров Энергетика министринин орун басары болуп дайындалган, ал бул кызматты 2022-жылдын январь айынан тарта аркалаган.