Бишкек троллейбустарынын отургучтары жаңыланууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, адистер эски отургучтарды оңдоп, кездеме менен каптап чыгышты.
Жумуштар жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн жасалууда.
Белгилеп кетсек, борбордо күнүнө орто эсеп менен 135 троллейбус каттамга чыгат.