Ош шаарында 1 миң 200 орундуу заманбап билим берүү комплекси курулат

Ош шаарында 1 миң 200 орундуу заманбап билим берүү комплекси курулат.

Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.

Билим берүү комплексинде инновациялык, санариптик билим берүү технологияларына ылайык окууларды өткөрө турган квалификациялуу команда болот.

Комплексте бассейн, стадион, спорт аянтчалары курулат.

Долбоорду Россия ишке ашырат.