Мурдагы билим берүү министри үй камагына чыгарылды

Мурдагы билим берүү жана илим министри, пара алууга шек саналып кармалган Алмазбек Бейшеналиевдин баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү.

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги 18-октябрда билдирди.

«Бейшеналиев тергөөнүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын ордун толтурганы, өнөкөт ооруларга чалдыкканы, туруктуу жашаган жери, жашы жете элек төрт баласы бар экени, тергөөгө тоскоолдук кылбай тургандыгы эске алынып, анын баш коргоо чарасы камакка алуу түрүнөн үй камагына өзгөртүлдү»,- деп айтылган маалыматта.

Расмий кабарда белгиленгендей, Бейшеналиев тергөө амалдарынын жүрүшүндө алгач 37 миң 500 доллар, кийин 62 миң 500 долларды өз ыктыяры менен кайтарып берген.

Тергөө уланууда.

Бейшеналиев чет өлкөлүк студенттерди Кыргызстандагы окуу жайларга киргизүү үчүн 110 миң доллар пара алуу фактысы менен 28-сентябрда кармалган.

30-сентябрда ал сотто бөгөт чарасы каралып жатканда күнөөсүн моюнуна албай турганын айткан.

Пара деп айтылып жаткан акча университет ачуу долбооруна салынган инвестиция экенин журналисттерге билдирген.