Бишкек – Ош унаа жолунда жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларында кар жаап, бороон болуп жатат.
Жол кырсыктарын алдын алуу максатында “Сосновка” түйүнү аркылуу жүк ташуучу унаалар аба-ырайы жакшырмайынча өткөрүлбөйт. Трасса кардан тазаланып, инерттүү материал себилип жатат.