Новосибирсктеги аба майданында калып калган Кыргызстандыктар
мейманканага жайгаштырылды. Башкы консулдуктун маалыматында,
бардык 132 адам чартердик каттам уюштурулганга чейин ал жакта болот.
Кыргызстандык жарандарды тамак-аш менен миграция боюнча эл аралык
уюмдун миссиясы камсыздады. Эске салсак, Новосибирсктен башка
өлкөгө аба каттамдар токтотулганына байланыштуу биздин өлкөнүн
жарандары “Толмачев” аэропортунан уча албай калышкан.