COVID-19 пандемиясына карата Швеция карантин киргизүү чечиминен баш тартты

COVID-19 пандемиясына карата Швеция карантин киргизүү чечиминен

баш тартты. Муну менен ал Европада карантин режими киргизилбеген

акыркы өлкө болуп калды. Хандыктын эпидемиологу Андерс Тегнелл

билдиргендей, мындай ыкма калктын психикалык жана физикалык

саламаттыгын сактайт. 1-апрелге карата маалыматта, Швецияда

4,5 миң бейтап вируска кабылса, 180 адам каза тапты. Бул көрсөткүч

скандинавия өлкөлөрүнүн арасында эң жогоку чек. Швецияда

жалгыз гана чектөө бар – бул массалык чогулуштарды өткөрбөө.