«Манас» эл аралык аэропорту кадимки режимде иштей баштады.
Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматынан билдиришти.
Буга чейин аэропорттун аймагына түшкөн коюу тумандан улам каттамдар
кармалып жатканы айтылган. Ал эми учурда туман таркап 1 миң метр аралык көрүнүүдө.
Каттамдар тууралуу алдын-ала маалыматты 0(312) 69-31-09 номери аркылуу билсе болот.