Нуржан Шайлдабекова кайрадан БШКга төрайым болду

Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамы 2-июлда алгачкы олтурумун өткөрүп, беш жылдан бери төрайым болуп келаткан Нуржан Шайлдабекованы кайрадан жетекчи кылып шайлады.

 

Отурумду мүчөлөрдүн эң улуусу катары Анар Дубанбаева алып барды. Жетекчиликке Шайлдабекова менен анын буга чейинки орун басары Абдыжапар Бекматовдун талапкерлиги сунушталды. Бекматов жаштар келишине тилектештигин билдирип, талапкерлигин өзү алып салды.

 

Шайлдабекова 12 мүчөнүн 11инин добушун алды. Анын орун басарлыгына Тынчтык Шайназаров менен Нурлан Койчукеев бекиди.