Ош облусунун Араван районунда буудайдын түшүмү 50 пайызга аз жыйналды

Ош облусунун Араван районунда кургакчылыктан улам буудайдын түшүмү 50 пайызга аз жыйналды.

Бул тууралуу “Акчабарга” Араван райондук администрациясынын агрардык өнүктүрүү бөлүмүмүн

жетекчиси Пайзылда Мырзабарамов билдирди. Анын айтымында, былтыркы жылы дыйкандар

кылкандуу дандан гектарына 1 тоннадан 1,5 тоннага чейин түшүм алса, быйыл бир гектардан

800 килограммдан гана алышты. Буга байланыштуу аравандык дыйкандар жашылча-жемиштин

түрүн эгүүгө басым жасап, анын аянты райондо 129 гектарга көбөйдү.