Ош облусунун Араван районунда Калкты тейлөө борбору ачылды

Ош облусунун Араван районунда Калкты тейлөө борбору ачылды.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, мекемеде паспорт берүү,

жарандык абалдын актыларын каттоо жана документ алууга керектүү кызматтар бар.

Жаңы борбор күнүнө 500 жаранды кабыл ала алат. Кошумчаласак, Араван районунда

110 миңден ашык калк бар. Буга чейин паспорттоштуруу жана жарандык абалдын

актыларын каттоо бөлүмдөрү эки башка имараттарда жайгашкан.