Кыргызстан 40 өлкө менен почта байланышын токтотту

«Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы почталык жиберүүлөрдү

кабыл алууну убактылуу токтотту. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо

кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда,

коронавирус кырдаалына байланыштуу 40 мамлекетке багытталган

почталык жиберүүлөрдүн бардык түрү токтотулду. Ошондой эле

Кыргызстандын дайындалган операторлору менен башка мамлекеттердин

ортосундагы почталык билдирүүлөр Казакстан, Өзбекстан жана

Россия аркылуу ишке ашырылат.