Аристондорду өчүргүлө

Адистер бишкектиктерге суу ысытуучу шаймандарды өчүрүү керектигин эскертет. “Бишкек жылуулук тармагынан” билдиришкендей,  ордо калаада бүгүн ысык суу берилип баштайт.

 

Эгер бир эле батирде суу ысытуучу каражат иштеп жаткан болсо, жалпы көп кабаттуу үйгө ысык суу берүү процесси таталданат. Кандайдыр бир маселелер жаралса, керектөөчүлөр 1980 кыска номуруна чала алат. Белгилеп кетсек, ордо калаада ысык суу 17-майда 1 айга өчүрүлгөн.