«Ош-Тазалык» ишканасынын гаражы жаңы техникалар менен толукталды

«Ош-Тазалык» ишканасынын гаражы жаңы техникалар менен толукталды.

Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, ишканага 12 кар тазалоочу техника тапшырылды.

Унаалар чет элдик донорлор тарабынан каржыланган долбоордун алкагында сатып алынды.

Муну менен бирге кызматкерлердин иш бөлмөлөрү, ашкана, унаа жуучу жана оңдоочу

жайлары дагы капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Жаңы техникалар

эртеңден тартып шаарды тазалоого киришет.