Ош – Сарыташ – Иркештам унаа жолунун 8-чакырымына кар көчкү түштү

Ош – Сарыташ – Иркештам унаа жолунун 8-чакырымына кар көчкү түштү.

Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, кар массасынын көлөмү

3,5 миң кубометрге жетет. Бардык унаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилди.

Жолчулар трассаны кардан арылтуу иштерин жүргүзүп жатат.

Жумуштар аяктагандан кийин жол кыймылга ачылат.