Баткен облусунда жаңы инфекциялык оорукана колдонууга берилди. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эски имаратын 90 орундуу ооруканага ыңгайлаштыруу үчүн курулуш, оңдоо иштери аткарылды.
Медициналык жайга жылуулук берилип, зарыл жабдуулар менен камсыздалды, 3 жасалма дем алдыруучу аппарат, 60 кычкылтек концентратору орнотулду. Облуста коронавирус менен ооругандар үчүн ооруканада жалпысынан 538 орун даярдалды.