Кытайдын аймагында 6,5 баллга жеткен жер титирөө Кыргызстанда да катталды.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Зилзала Нарын облусунун Ат-Башы районунда 3 баллга, Нарын шаарында 2,5 баллга жана
Ош облусунун Нура айылында 2,5 баллга чейин сезилди.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.