23-январдан тартып башка өлкөлөрдөн келген кыргызстандыктар COVID-19 жок экенин тастыктаган тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек

23-январдан тартып башка өлкөлөрдөн келген кыргызстандыктар COVID-19 жок экенин

тастыктаган тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей,

жаран тестирлөөдөн учканга чейинки 3 күндөн кем эмес убакта тапшырышы зарыл.

Болбосо жүргүнчү учактын бортуна киргизилбейт. Ушундай эле эреже Кыргызстанга

унаа менен киргендерге да тиешелүү. Мындай чаралар коронавирусту  жана анын жаңы штаммын өлкөгө киргизбөө максатында жасалууда