Ош шаарында жаңы шаарча пайда болот.
“Кең-Сай” конушуна ири текстиль фабрикасы салынып, бирдей үйлөр курулат, — дешти калаа мэриясынан.
Маалыматка караганда, фабрика салуу үчүн жеке ишкерлерге 35 гектар жер бөлүндү. Учурда курулуш
иштери кызуу жүрүп жатат. Анда 4,5 миң жумуш орду түзүлмөкчү. Курулуш пландалгандай 2021-жылы
толугу менен аяктаса, 11 миң адам иш менен камсыздалат. Ал эми курулган үйлөр ипотекалык
негизде берилет. Жер тибиндеги турак-жайларда бардык шарттар камтылат.