Президент Сооронбай Жээнбеков Москвадан кайткандан кийин 3 күнгө карантинге алынат

Президент Сооронбай Жээнбеков Москвадан кайткандан кийин 3 күнгө карантинге алынат.

Өлкө башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиеванын айтымында, анализинен

коронавирус чыккан эки кызматкер 14 күнгө карантинде болот. Кошумчаласак, бүгүн Москвада

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парад өттү. Андан Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн

өкүлдөрү планга ылайык өтүштү, бирок өлкө башчы иш-чарага катышкан жок. Буга аны коштоп

барган президенттик аппараттын эл аралык бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков жана

бир жансакчыдан коронавирус табылганы себеп.