Кыргызстанда калк үчүн электроэнергиянын баасы КМШ өлкөлөрү арасында эң төмөнкү баада.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, мисалга алсак Россияда калк үчүн
тарифтердин орточо баасы 1 киловатт 10 центти түзөт. Ал эми биздин өлкөдө 1 киловатт-саат
1 центтин гана тегерегинде. Белорусияда тарифтер 6дан 10 центке чейин. Армения жана
Грузияда 9, Казакстанда жана Азербайжанда 6. Украинада 1 киловатт үчүн 3 цент.
Өзбекстан жана Тажикстанда тарифтер бизге караганда эки эсе жогору – 1 киловатка 2 цент