Бишкек мэриясы коомдук унааларда жүрүү акысын жогорулатуу боюнча варианттарды сунуштады.
Тарифтерди көтөрүү боюнча үч вариант каралууда: биринчиси — мурдагыдай эле калтыруу,
экинчиси — автобус жана троллейбустарда 11 сомго, маршруттук таксилерде — 15 сомго жогорулатуу.
Үчүнчүсү — автобустарда 15 сомго, троллейбустарда 11 сомго, маршруттук таксилерде 19 сомго көтөрүү каралган.
Коомдук талкуу беш күнгө созулат, сунуш, пикирлерди transport305@mail.ru почтасына жөнөтүүгө болот.