Ош шаарында жаңы жыл түнү майрамдык салют аттырылат.
Novosti.kgге түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, фейерверк чыгымдарын
жергиликтүү демөөрчүлөр каржылайт. 31-декабрда башкы аянтта аяз ата жана
аяз кыз майрамдык маанай тартуулайт, кезеги менен концерттик программа өтөт.
Анда Оштун жогорку окуу жайларынын студеттери, искусство мектептеринин
окуучулары, маданият кызматкерлери өнөрлөрүн тартуулашат. Иш-чарага жана
калааны жасалгалоо иштерине дээрлик 2,5 миллион сом жумшалат.