Жалал-Абад шаарында Нооруз майрамы Эркиндик аянтында белгиленет.
Мэриядан билдиришкендей, аянтка боз үй тигилип, алты бакан селкинчек орнотулат.
Иш-чара саат 10до башталат. Салтанаттын жүрүшүндө, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү
майрам менен куттуктайт. Андан кийин концерттик программа коштолот.
Иш-чарада кол өнөрчүлүк, тамак-аш жарманкеси да уюштурулат