Экономика министрлиги эл аралык каржы институттары менен Баткен облусуна
инвестиция тартуунун үстүндө иштеп жатат. Ведомство Дүйнөлүк банк менен
“Баткен облусунун региондук экономикалык өнүгүүсү” долбоорун талкуулоодо.
Ишке ашыруу мөөнөтү – 5 жыл. Долбоор муниципалдык инфраструктураны,
чакан жана орто бизнести колдоо үчүн чакан гранттар программасын, мүмкүн
болгон өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтарууну, ошондой эле
агроазык-түлүк кластерлерин бекемдөөнү камтыйт.