Ошто быйыл 3 жаңы бала бакча курулду

Ошто быйыл 3 жаңы бала бакча курулду. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемелери Амир-Тимур, Юго-Восток жана Ак-Тилек кичи райондорунда пайда болду.

 

Имараттар бардык зарыл буюмдар жана курулуштар менен камсыздалган. Объектилерди курууга каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүндү. Кошумчалап кетсек, учурда ошто дагы эки бала бакча курулуп жатат.