Бишкекте эртең дагы бир  жаңы жылдык жарманке ачылат

Бишкекте эртең дагы бир  жаңы жылдык жарманке ачылат. Мэриядан билдиришкендей, ал Дайыр Асанов атындагы эс алуу багында жайгашат. Анда Октябрь районунун кичи ишканаларынын жана өндүрүүчүлөрүнүн продукциялары сатылат.

 

Жарманке күндүзгү  саат 11де ачылып, кечки 3кө чейин 17-20-22-28-декабрда иштейт.