Ошто электр энергиясы өчүрүлөт

Ош облусунун кээ бир аймактарында пландаштырылган оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Ошэлектр» ААКсынан кабарлашты.

 

Төмөндөгү аймактарда саат 09:00дөн 18:00гө чейин электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт:

* Ноокат районунун Заготскот, Заправка, Кашкалдак, Айбек, Котормо, , Арык-Тейит, Правда, Баглан, Ак-Чал, Таш-Булак, Ак-Терек, Кызыл-Булак, Кожо-Арык, Абшыр-Сай айылдары, Ноокат шаары.
* Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл өкмөтү.
* Кара-Суу районунун Большевик, Зарбалик, Мамажан, Кашкар-Кыштак, Кара-Суу шаарынын Ленин, Пушкин, Нурахунов, Ош, Өзгөн көчөлөрү.
* Алай районунун Сары-Таш, Үч-Дөбө, Сары-Могол, Талды-Суу айыл өкмөттөрү, Нура айылы.
* Чоң-Алай районунун Чоң-Алай, Кашка-Суу, Жекенди айыл өкмөттөрү.
* Өзгөн районунун Заргер, Төрт-Көл, Жазы, Ири-Суу, Чангет, Баш-Дөбө айыл өкмөттөрү.
* Ош шаарынын Кокум-Бий (СМУТТ), МЖК-2 кичи шаарчалары, Раимбеков, Масалиев, Кара-Суу, Жим, Ош көчөлөрү, Кыргызстан, Кеңеш айылдары.
* Саат 09:00дөн 12:00гө чейин: Ош шаарынын Салиева, Касымбеков, Водозаборная, Абакир уулу Торобек көчөлөрү.
* Саат 14:00дөн 17:00гө чейин: Ош шаарынын Масалиев кең көчөсү, Шакиров, Монуев, Исаков (Дача участкасы), Мичурин, Ишматов, Малиновая, Набережная, Ирригатор, Центральная, Обзорная, Подгорная, Төлөйкөн көчөлөрү, ДЭУ Ноокат жолу.
Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн «Ошэлектр» ААКсы кечирим сурайт.