Кыргызстанда өрт чыгуу учурлары азайды

Кыргызстанда өрт чыгуу учурлары азайды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, шул жылдын 8 айында өлкөдө 1 миң 477 тилсиз жоо катталды. 2019-жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, бул дээрлик 2 эсе аз.

 

Куткаруучулар жарактан чыккан электр жабдууларын колдонуудан баш тартууга чакырып, балдарды байкоосуз калтырбагыла дешет. Дал ушул себептер басымдуу учурларда өрттүн келип чыгышына алып келет.