Кыргызстандык жаш режиссёрдун тасмасы эл аралык фестивалда 3-орунга татыды

Кыргызстандык жаш режиссёр Айкөл Нурланбек уулунун «Мээрман» тасмасы Стамбул шаарында «Түрк дүйнөсүнүн даректүү тасмалары» фестивалында үчүнчү орунга татыды. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фондунан кабарлады.

 

«Буга чейин менин фильмим Кыргызстанда эки фестивалга катышып, бирөөсүндө баш байгени жеңип, экинчисинде «Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү» болгон. Эми эл аралык сынакта үчүнчү орунду алды. Эгер мен тарткан тасма байгелүү орунга татыса, ушул багытка көңүл коюп, болгон күчүмдү жумшайм деп сөз бергем. Азыр абдан кубанып турам», — деди Нурланбек уулу.

Даректүү тасмалар фестивалы ушуну менен алтынчы жолу уюштурулуп, быйыл «Түрк маданияты жана дүйнөгө түрк көз карашы» деген ураан менен өткөрүлдү.

Фестивалга Түркиядан тышкары Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Венгрия, Азербайжан, Македония жана Түндүк Кипрдин таланттары катышкан.