Ошто таштандыны өз өзүнчө чогултуучу челектерди орнотуу башталды

Ошто таштандыны өз өзүнчө чогултуучу челектерди орнотуу башталды. “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, алар аялдамаларда, парктарда, скверлерде жана башка эл көп чогулган жерде пайда болот.

 

Долбоордун максаты – калкка таштандыны сорттоо маданиятын жайылтуу болуп саналат.